Соль-Илецк шаарынан келгендердин 51и Талас облусуна кетишти. Алар Талды-Булак постунан обсервацияга алынды
Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келгендер обсервациядан чыгарылып, анын ичинен 51 жаран 18-майда Талас облусуна кетишти. Облуска кайткан жарандар Талды-Булак постунан обсервацияга алынды. Мындай маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ар бир жарандан буга чейин 2 жолу ПЦР-анализ алынып, “таза” деген жыйынтык чыккан. Бирок коопсуздук үчүн 51 адам Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда уюштурулган обсервацияларга жайгаштырылды. Алардан кошумча ПЦР-анализдер алынып, обсервацияга дагы 5 күн жаткырылат.
Ал эми социалдык түйүндөрдөгү “бийлик өкүлдөрү обсервацияга алынгандарды уруп-сабады” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Тескерисинче, сырттан келген адамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей, бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Түшүндүрүү иштеринен кийин 51 жаран жергиликтүү бийликтин талаптарына макул болду.

те баш оорутуп отурабы.Айтканды угушпаса таза Таласты да балчыктатат да эми туугандарына жугузушуп.