super.kg logo

"Кызымдын оорусу күчөгөнүнөн улам коркуп жатам". Жалгыз бой эне жардамга муктаж экенин айтат

 

SUPER.KG порталына Гулнура Мамытова аттуу үч баланын энеси, жалгыз бой аял жардамга муктаж экенин айтып, кайрылды. Анын айтымында, учурда кызы ооруп, оор абалда үйдө жатат, ошондой эле батир акысын төлөй албай, айласы алты кетүүдө. Каарманыбыз өз баянын төмөнкүчө айтып берди.

"3 балам менен күн кечирген жалгыз бой энемин. Жолдошум менен чыр-чатактын айынан жашабай калганыма 3 жылдан ашты. Буга чейин тигүү цехинде иштечүмүн. Учурда балдарым менен батирде турам. Карантин чынында бизди кыйнады жана ага чейин деле ашыкча азык-түлүк алууга чамам жетчү эмес. Анткени тапкан каражатым насыя, батир акысынан ашпай калчу. Карантинде азык-түлүктү дүкөндөн карызга алып, күн көрүп жатабыз. Учурда жардамга муктажмын.

Жардам бергиси келгендерден суранат элем, кызымды күздөн бери ооруканага көрсөткөнгө эмес, анализине акча ашыра албайм. Улуу кызым ооруганына көп болду. "Тез жардам" кызматын чакырганыбызда ашказанында киста же инфекция болушу мүмкүн деп айтышкан. Чынында, иштесем кызымды көрсөтөм деп эле жүрөм, бирок акчам ашпайт. Абалымдын оордугунан улам үмүт кылып, сиздерге кайрылып жатам. Эртең эле батир акысы, насыя, дүкөндөн алган азык-түлүктүн карызын төлөш керек. Анын үстүнө кызымдын дагы улам оорусу күчөп, коркуп жатам. Кайрымдуу жарандардан болушунча жардам күтөм", - дейт сыздаган эне.

Жардам берүүнү каалагандар Бишкек шаары, Булгары заводу (Кожзавод), Хвойное көчөсү 1Б дарегине же 0(708) 34 43 71 номерине чалып байланышса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: