Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз жарандарынан ичинен 154 киши коронавирус жуктурган. Анын экөө каза болгон
Бүгүнкү күнгө карата чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандарынын ичинен 154 кишиден COVID-19 илдети аныкталды. Анын эң көбү Орусияда жүргөн мекендештер экенин республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык:
Орусия – 105;
Бириккен Араб Эмирликтери – 7 (алардын ичинен бешөө айыгып чыгарылган);
Пакистан – 22 (72 жаштагы жарандан вирус аныкталып, ал 9-апрелде каза болгон, калганы айыкты);
Индия – 7 (1 киши каза болду, 6 айыкты);
Испания – 1 (айыгып, ооруканадан чыгарылган);
Малайзия – 3 (баары айыкты);
АКШ – 1 (айыкты);
Өзбекстан – 1;
Греция - 1 (сакайды);
Казакстан – 5 (төртөө Бишкекте, бирөө Алматыда дарыланууда);
Италия – 1.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.