super.kg logo

"Өз билемдик менен дарыланып жаткан дарыгерлер да бар". Нурболот Үсөнбаев өз алдынча дарыланбоого чакырды (видео, хронология)

 

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев акыркы сутка ичиндеги, тагыраагы, 27-майга карата коронавирус боюнча маалымат берди. Онлайн-брифинг республикалык штабда болуп өттү.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-05-27 10:08

Ооруканаларда оор абалда жаткандардын саны 9, ал эми жандандыруу бөлүмүндө 4 адам жатканы айтылды.

2020-05-27 10:06

"Каза болгондордун жана ооруп жаткандардын арасында өз алдынча дарыланып жаткандар бар. Алар ар кимдин берген кеңеши менен дарыланып, андан соң абалы оорлошуп кетүүдө. Мындай адамдардын арасында дарыгерлер дагы бар. Алар өз билемдик кылышкандар. Бирок бул туура эмес. Эгер оорунун белгилери башталса, ошол замат дарыгерлерге кайрылуу керек жана алардын көрсөтмөсү менен дарылануу туура", - деди Үсөнбев.

2020-05-27 10:05

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
Бишкек шаары – 5;
Ош облусунда – 7.
Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында катталгандар – 299. Алардын ичинен 243 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

2020-05-27 10:03

27-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясын 52 адам жуктуруп алган. Алар:
Бишкек шаары - 9 + 2 Орусиядан келген аскер кызматкерлеринен;
Чүй облусу - 3 + 8 Соль-Илецктен келгендерден;
Ош шаары - 7;
Ош облусу - 2;
Баткен облусу - 1;
Жалал-Абад облусу - 3;
Нарын облусу - 17.

Республика боюнча жалпы коронавирус менен жабыркагандардын саны 1 миң 520га жетти.

2020-05-27 10:02

Бир сутка ичинде 28 бейтап айыгып чыкты. 

Айыккандар:
Бишкек шаары - 14;
Нарын облусу - 8;
Жалал-Абад облусу - 6.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1 миң 43 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: