super.kg logo

Нарын облусунда саламаттыкты сактоонун координатору менен оорукананын башкы дарыгери кызматтан алынды

 

Нарын облусунда саламаттыкты сактоонун убактылуу жаңы координатору менен оорукананын башкы дарыгери дайындалды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Республикалык ыкчам штабдын сунуштамасынын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Нарын облусундагы бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директору М.Алияскаровго сөгүш жарыяланып, андан саламаттыкты сактоо боюнча облустун координаторунун функционалдык милдеттерин аткаруу алынды.

Мындан тышкары Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору А.Койчуманов иштен алынды.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун милдетин аткаруучусу болуп Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын клиникалык-диагностикалык иштер боюнча башкы дарыгеринин орун басары Б.Төлөгөнов убактылуу дайындалды.

Ал эми эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууну, көзөмөлдөөнү күчөтүү жана облустагы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча дарылоочу-алдын алуучу уюмдардын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Нарын облусуна иш сапары менен жиберилген Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы А.Акматовага 2020-жылдын 28-майынан тарта атайын буйрук чыкканга чейин саламаттыкты сактоо боюнча облустун координаторунун милдеттерин аткаруу ыйгарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: