"25-майда Папан айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундар жол тосушкан. Бул меселе чечилдиби?". Жооп
Бүгүн, 29-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйынын берди.
Анда Папан айыл өкмөтүнүн тургундарынын көмүр ташуучу унааларды токтотуу талабын коюп жол тосушканы тууралуу суроо берилди. "Бул маселе эмне болуп чечилди?" деген жергиликтүү тургун.
"Биздин облуста жалпысынан 18 көмүр кенин казып иштетүүчү жер болсо, учурда анын ичинен 12си ишин баштаган. Папан айыл өкмөтүнө караштуу үч айылда асфальт жол салынган. Жергиликтүү тургундарда ал жактан өткөн чоң жүк ташуучу унаалардан асфальт бузулуп жатат деген нааразычылык болгон. Күндүн ысыганына байланыштуу чоң унаалар өткөндө асфальт жол бузулуп баштаган.
Биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырма берип, бул меселе чечилди. Көмүр ташуучу компаниялар менен дагы сүйлөшүү жүргүзүлдү. Эми унаалар Көк-Бел жакта салынган жолдон өтмөй болушту. Негизи элдин койгон талабы туура эле болгон. Папанда болгон окуяны митинг деп айтууга болбойт, элде жөн гана маселени жеткирип коёлу деген ой болгон", - дейт Жылкыбаев.

