super.kg logo

"Исмаил Матраимов" атындагы фонд Саламаттыкты сактоо министрлигине 19 жасалма дем алдыруучу аппарат тапшырды

 

Кечээ, 29-майда "Исмаил Матраимов" атындагы кайрымдуулук фонду Саламаттыкты сактоо министрлигине 17 жасалма дем алдыруучу аппарат тапшырды.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов билдиргендей, аппараттар аталган министрликтин балансына берилди.

"Исмаил Матраимов" атындагы фонду медицина мекемелеринде жасалма дем алдыруучу аппараттын жетишсиздигин эске алып, 19 аппарат алып берүү чечими кабыл алынган. Буга чейин биз мекемеге 2 аппарат бергенбиз. Бүгүн болсо 17 аппаратты тапшырдык. Стационарларда дарыланып жаткан бардык жарандардын тезирээк айыгып кетишин каалайм. Бул илдет жер жүзүнөн батыраак жок болуп кетсин", - деди ал.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Кыргыз өлкөсүндө пандемия башталгандан бери жарандар арасында ооруга чалдыккандардын санынын өсүшү байкалып жатканын белгиледи.

"Ошону менен катар эле медициналык жабдуулардын жетишсиздиги билинди. Катуу ооругандарды сактап калуу үчүн чоң роль ойногон жасалма дем алдыруучу аппарат дагы жетишсиз болуп келген. "Исмаил Матраимов" атындагы фондунун бул жардамы абдан маанилүү", - дейт министрдин орун басары.

Анын айтымында, бардык аппараттар өлкөнүн облустарына бөлүштүрүлүп берилет. "Аппараттар коронавирус жуктуруп алгандарды дарылап жаткан аймактардын ооруканаларына жеткирилет. Бул аппараттар пандемия учурунда эле эмес, башка күндөрү дагы баалуу", - деп Каратаев сөзүн жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, "Исмаил Матраимов" атындагы фонд Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына 9 стационардык, 8 мобилдик аппарат тапшырды. Жакында фонд тарабынан 2 аналогиялык аппарат берилген. Аталган кайрымдуулук фонду пандемия башталгандан бери 10 тепловизор, 20 миң экспресс-тест, 250 миң медициналык бет кап, 500 коргоочу костюм, 500 коргоочу көз айнек тапшырган.

Мындан тышкары фонд өзгөчө абал учурунда коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке 10 миллион сом которгон. Ошону менен катар эле аймактарда жардамга муктаж жарандарга азык-түлүк тараткан. "Исмаил Матраимов" атындагы фонд операцияга муктаж болгондорго дагы жардамын берип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
30.05.2020. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул матраимовторду мактап эле калышты.
30.05.2020. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кана эми Райимди жамандагандар жазгылачы)))) Матрайимовтор молодцы Салымбеков жооок болуп кетти миллионер деген кытайдан башкага жардам бергенин эчким айтпады
30.05.2020. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kylychisa,
Матраимовтордун орду турмодо. Тажомник болуп турганда кызматты кыянаттык менен пайдаланып чонтогун толтурган. Соке калыс киши болгондо буларды эчак камалыш керек болчу. Соке кетсин. Сокенде уят жок.
erlan2196 түзөттү 2020-05-30 14:05:26
30.05.2020. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
erlan2196,сен кайдан билесин алардын ордун? Биринчи озубузду кузгудон карайлы мамлекет ,эл жок эле дегенде жакындарыбыз учун эмне жардам кылдым деп анан сындайлы Соке кетсе сен келесинби? )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: