super.kg logo

"Бала бакчалардын иштеп башташы чоң кооптонууну жаратууда, бирок биз иштеген жарандарга шарт түзүү үчүн мындай чараларга барууга аргасызбыз" дейт Боронов

 

Санитардык-карантиндик посттор шаар жана облустарга кире бериште текшерүүнү күчөтөт. Тийиштүү тапшырма республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Санитардык-карантиндик посттор ишин күчтөндүрүүсү зарыл. Өзгөчө көңүлдү Бишкек жана Ош шаарларына буруу керек. Посттордо тепловизор аркылуу дене табын өлчөө жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгы тууралуу сын айтылууда", - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов белгилегендей, коомдук жайлардагы оору жугузуп алуу учурларынын саны жогорулагандыгына байланыштуу өлкө аймактарынын тургундарынын борборго каттоосу кооптуу болуп саналат. Буга байланыштуу шаарга каттоону кыскартуу, ага өтө зарыл учурда гана баруу сунушталат.

Тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына 5-баскыч алкагында экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарын жандандырууга даярдык көрүү тапшырылды.

"Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген алгоритмдердин бардыгы сакталышы керек. Бала бакчалардын иштеп башташы чоң кооптонууну жаратууда, бирок биз иштеген жарандарга шарт түзүү үчүн мындай чараларга барууга аргасызбыз. Аталган мекемелерде коопсуздук толугу менен камсыздалышын өтүнөм. Аэропорттор ички авиакаттамдарды жандандырууга даяр болушу кажет", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат. Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округунда карантин режими орун алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: