super.kg logo

"Мени сөккөн адамдарга сөгүп жооп бергеним үчүн 7 жарым жылга эркимден ажыроо коркунучунда турам". Блогер Сыдыман кат жазып, коомчулукка кайрылды

 

Сыдыман каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун социалдык тармакта хейтерлер тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 17-февраль күнү ал Октябрь РИИБинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 313-берененин (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-февралда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынган.

Бүгүн, 1-июнда блогердин иши боюнча соттун чечими чыгат. Ошого жараша ал кат жазып, коомчулукка кайрылды.

"Менин соттук ишим бүгүн, 1-июнь күнү саат 14:30да Октябрь райондук сотунда өтөт. Жеке оюм боюнча, соттук иш өтө кооптуу абалда турат. Мени сөккөн адамдарга сөгүү менен жооп бергендигим үчүн 7 жарым жылга эркимден ажыроо коркунучу турат. Мүмкүн сиздердин сотко келип катышууңуздар коомдун көзөмөлү менен сөз эркиндигин сактоо катары бааланып, адилеттүү чечим чыгып калат деген үмүттө кайрылып жатам. Эмоция абалында сөгүнгөндөргө сөгүү менен жооп берген сөздөрүмө 313-беренени таңуулоо өтө ашыкча деп ойлойм. Азыр социалдык тармактарда ким гана сөгүнгөн жок.

Апам президент Сооронбай Жээнбековго эне катарында дагы бир ирет кайрылуу жасады. Кайрылуу каттын көчүрмөсү ушул катка тиркелди. Чындап келгенде, өткөндө апамдын кайрылуусу таасир берип, үй камагына чыгарылдым окшойт. Ага сиздердин маал-маалы менен чыгарган жаңылыктар, элдин пикири жана албетте, президенттин көзөмөлү таасир берди деп ойлойм. Болбосо бул 313-берене менен үй камагына чыгуу болбойт экен. Себеби бул берене өтө оор кылмыш катары бааланат экен. Апамдын жазган сөздөрү толук кандуу чындык. Чынында эле биздин үй-бүлөгө учурда жөлөк болчу жалгыз адам менмин жана биздин жашоо-шарт дагы деле начар. Соттон сот уланып жатып, жактоочуга дагы акчабыз калбай бара жатат. Баш-аягы 6 сот болду. Сөгүнгөнүм үчүн жаза алып келе жатканыма 4 ай болуп калды. 7 жарым жылдык чечим чыкса бул аша чапкандык", - деп жазган блогер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(44)
01.06.2020. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Доигрался
01.06.2020. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Айтылган соз, атылган окко барабар.
01.06.2020. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+47
Согунгонун учун эмес, элди болгонун учун
01.06.2020. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+44
Анан ушинтип блогер болбой эле кой да
01.06.2020. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+39
Колунардан эмне келет деп согунгонсун, оз тилин озуно душман, жазаны ал, башкаларга да сабак болсун, озубуз мн озубуз болунсок, душмандарга табылбай эле калат
01.06.2020. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Тилди тишке эмес,андан ары катыш керек болчу..Дагы бир блогер сорой бар,атын унутуп жатам,роликтеринде адамдарды пранк кылып жатам деп,шылдындап басынткан,ал да соттолуш керек эле.
01.06.2020. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
"7 жыл берсе ага чапкандык"деп мурдун Балта кеспейт ко дагыле бул баланын.
01.06.2020. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Сөөктө тил жок деген ушул да, ошон үчүн абайлап сүйлөш керек.
01.06.2020. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
futboler,тилде соок жок
01.06.2020. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Жүрөгүң ушунчалык эле экенго "мени камаганы жатат" деп элге кайрылып ч.ч.п алыпсың. Видеоңдо тим эле киши тоотпой, өзүңдөн башкасын адам ордунда көрбөй керсейип сөгүнүп аттың эле. Бул өзү деле таза кыргыз эмес окшойт аты Сыдман дегенине караганда, ошого Кырыгыздарды тоотпой, бөлүп аткан. Сага 7 жыл эмес, 70 жыл берип түрмөдө чиритип ийседа аздык кылат.
Анан сени биринчи эл сөккөн жок, сен өзүң бир ууч элди экиге бөлгөнүң үчүн, элдер сени сөгүштү эле, анан сен сөгүнө баштадың будущ
001KG түзөттү 2020-06-01 13:25:35
01.06.2020. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
elmira., Ал чиновниктерди шылдыңдап жазып жатат окшойт)).
01.06.2020. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Туура эле чечим, 7.5жылда тарбияланып чыгасың. Тилиңе сөөк байлатып.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: