super.kg logo

Сузакта аялдын моюнуна дөңгөлөк, таш артып, суу чачкан окуя: Аял күйөөсүн кечирип, аны бошотууну суранып жатат

 

Социалдык тармактарга аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып жаткан видео тараган. Андагы аял күйөөсүн кечиргенин айтып, тосмо арыз жазды жана ал күйөөсүн бошотууну өтүнгөн. Маалыматты SUPER.KG порталына Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

"Күйөөсү Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну 11-июнда Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми 13-июнь күнү баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун судьясы тарабынан 15 күнгө камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган. Белгилей кетүүчү жагдай, жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип, тосмо арыз жазды. Аял жолдошун бошотууну өтүнгөн, бирок тосмо арыз жазганына карабай, бул иш тыкыр иликтенип, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди маалымат кызматынын өкүлү.

Окуянын чоо-жайы:

12-июнда Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тараган. Кийинчерээк, окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алганы облустук ички иштер бөлүмү тарабынан белгилүү болгон. Анда 51 жаштагы Б.З. үйүндө 47 жаштагы М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБине арызданган. Бул окуя Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси "Үй-бүлөдөгү зомбулук" менен катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү 11-июнда саат 18:00 чамаларда Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
15.06.2020. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кыскасы аял озу кул сыяктуу жашай берип ошого конуп калган экен да. Бул аял далай кордук коруп келген. Ошого да конуп калган. Мындайлар толтура. Озгочо региондордо. Уй булодо эркектердин ан сезиминде аялдарды кордоп, куч коргозуу сыяктуу бекем сакталып калган. Ага биринчи аялдар оздору кунолуу
elebes86 түзөттү 2020-06-15 11:18:52
15.06.2020. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул эмне деген жорук, качанкыга чейин чыдап жашоо керек? Канчалаган аялдар өз укугун билбей, ушундайга чыдап, кордук көрүп жашап келет? Өзүңөрдү сыйлай да билиш керек го дейм. Мен бул окуяны аягына чейин чыдап көрүүгө эч дарманым жетпеди. Чара көрүлүшү керек деген гана оюмду айта алам.

Aselya_9105 түзөттү 2020-06-15 11:17:14
15.06.2020. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туура, кечирсе да жок дегенде бир ай камаш керек мындай зөөкүрлөрду.
15.06.2020. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эне да байкуш, эненин жүрөгүндөй мээримдүү, боорукер жүрөк эч жерде болбосо керек. А биз аталар куру намыс деп жүрө беребиз
15.06.2020. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Krai,Туура айтасыз аялдар айкол,кечиримдуу бболотда,балдары чонойуп калыптыр 25 жыл чыдап жашаганына тан калычтуу.Карытып жибериптир озу жаш эле эже экен
15.06.2020. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Демек өзүн ошондой мамилеге татыктуу. Өзүн өзү сыйлабаса кечире берсин. Көнүмүш эле го, буга чейин да ушундай эле жашап келген болуш керек.
15.06.2020. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жашай бербейт белең андай экен, элди дүрбөлөң кылбай. Эми кайталана берет болду, күнөө өзүңдө да бар экен!
15.06.2020. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тосмо арыз жазсада камагыла. Жазасын алыш керек. Мамлекет жок дегенде ушундай адамдарды оздору коргош керек. Бул эртен чыгып дагы ушул адатын кылатда.
Модератор admin_superstan түзөттү 2020-06-15 13:38:56
15.06.2020. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mital.89,может чыгып келип хуже кылат деп коркуп арыз жазып бергендир. Аялдардан арыз тушсо деле милициялар негизи карабайт экен. Уруп жатат десе да. Бир байкуш келин ошентип арызданып алып, куйоосу арызданганы учун дагы сабаптыр эле, бизди милиция коргобойт экен, менин башымдан отту деп жазыптыр
15.06.2020. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек канчалык зоокур болсо, анын аялдарга болгон жек коруусу ошончолук куч болот. Бул анын коргон, уккан тарбиясынан.
15.06.2020. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой тан калам кандай Оз укугун билбейт,куйоосунун ур-токмогуна конуп калган аял экенда.Аллахым аялды кордосун,тепкилесин деп жараткан эмесда,Буга аялдар оздору куноолу.эл-журтка уят деп куру намыс кылып журуп эркектерин башына чыгарып алышат.Аял эркекти канчалык сыйласа эркек соройда сыйын билип аялды эки эселентип сыйлашы керек
Saliman түзөттү 2020-06-15 15:33:30
15.06.2020. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуя башкача өнүкмөк эмес, ушундай болот деп эле күтүлүп аткан. Бошотпой, тиешелүү жазасын бериш керек, антпесе көбөйгөндөн көбөйө берет. Жазасыз калтыруу жаңы жоруктарга жол ачат, аягы кылмыш менен бүтүп, кайгылуу болот.
15.06.2020. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде бири аялды жемелеп өз укугун билбейт дейт бири кечирсин неге дүрбөлөң кылбай жашай бербейсинби дейт. Аял байкушту эмне күнөө ар бир аял эне баарын кечирет. Биздин чондор ушуга окшогон жана жаш балдарды кордогондорго катуу чара көрүш керек коркуп кайталабай турган. Чыгарбаш керек кечирсе дагы.
15.06.2020. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким билет, балким финансы жагынан да көз каранды чыгаар. Аны камап салса үй бүлөөсүн ким багат. Ошону ойлоп да чыгарып атса керек.
15.06.2020. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Постановкага да жакыныраактай сезилип жатпайбы силерге,комментарийчилер.Тиги логотип да мурда даярдалгандай жарк этип чыга калганы,уулу барып апасынан кечирим сураганы,аялды моюнуна баллонду илгиче жөн эле туруп бергени,тартып аткан аял да эч кандай эмоцияга алдырбай сүйлөгөнү баары атайын даярдалгандай сезилип жатат.
16.06.2020. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечирип кой деп куйоосунун туугандары чыкса кере
16.06.2020. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу 15кундон кийин чыгып келсе андан бетер сабаса керек Эми камерага тартпай тем более айыл жергесинде Куйоосун каматып жибериптир деген создон намыстанып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: