Алайкуунун ажайып кооз жаратылышы сүрөтчүнүн көзү менен













Түркиядан келип, 16 жылдан бери Кыргыз мамлекетинде жашап калган сүрөтчү Зафер Динчер Кыргыз өлкөсүнүн кооз жаратылышын, бейпил турмушун эмгектери аркылуу даңазалап келет. Ал бул ирет Алайкуу өрөөнүнүн жаратылышын жарыялады. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жайгашкан өрөөндүн ажайып кереметтүү жаратылышын Динчер бир нече сүрөттөр топтомунда көрсөткөн.
"Бул ушунчалык кооз өлкө, кээде болжогон жерге жеткенге чейин эле жолдон мыкты кадрлар тартыла берет" деген Динчер.
Алайкуу өрөөнү бийик тоолор менен курчалган өрөөн. Өрөөндүн узундугу 75, туурасы 15 чакырым.
"Кыргыз болуп туруп Кыргыз жергесинин кооздугун көрө электер бар" деген Зафер Динчердин маегин окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
6

Сагындым сени Алайкуум.