super.kg logo

"Баласы, туугандары менен көзмө-көз сүйлөштүк". Сузактагы окуя боюнча өкмөт өкүлү үн катты

 

"Сузакта жолдошунан кордук көргөн аял менен барып сүйлөшүп, медициналык, психологиялык жактан жардам сунуштадык" деп бүгүн, 18-июнда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"Сузактагы окуя бизге өзгөчө оор тийди. Мындай окуяга туш болгон үй-бүлөгө, жабырлануучуга өзүм барып жолугуп келдим. Анын баласы жана туугандары менен баарлаштык. Кордукка кабылган жаран менен дагы жолугуп, ага кандай жардам керек болсо кайрылуусун айттык. Коомдо резонанс жараткан окуянын жагдайлары укук коргоо органдары тарабынан иликтенип жатат. Биз тараптан колдон келишинче жардам көрсөтүлдү. Ал үй-бүлө менен учурда тыгыз байланыштабыз", - деди Ызабеков.

Эске сала кетсек, 12-июнда Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тараган. Кийинчерээк, окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алганы облустук ички иштер бөлүмү тарабынан белгилүү болгон. Анда 51 жаштагы Б.З. үйүндө 47 жаштагы М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБине арызданган. Бул окуя Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси "Үй-бүлөдөгү зомбулук" менен катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү 11-июнда саат 18:00 чамаларда Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.06.2020. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Күйөсүнүн туугандары тарабынан аялына коркутуулар болуп жатышы мүмкүн. Текшерип койгула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: