Өлкөдө электрондук эмгек китепчелери иштелип чыгарылары айтылды
Өлкөдө электрондук эмгек китепчелерин иштеп чыгуу каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев онлайн маалымат жыйын учурунда билдирди.
Жыйында санариптештирүү жылынын алкагында жасалып жаткан бир катар долбоорлор тууралуу маалымат берилди.
"Мамлекеттик кадр кызматы менен биргеликте жаңы программа иштелип жатат. Ал жакка көп багыттуу бөлүктөр киргизилди. Алсак, программанын негизинде бардык мамлекеттин кызматкерлеринин маалыматтары бар базаны иштеп чыгуу пландалып жатат. Ал жерде мисалга, кызматкердин коронавируска тапшырган анализи жөнүндө онлайн маалымат киргизилет. Мындан тышкары жарандын окуулары, эмгек жолу жана эмгек китепчеси тууралуу маалымат дагы онлайн болот , - деди Акын Мамбеталиев.

