"Ысык-Көлдө балдар лагерлери качан иштеп баштайт?". Жооп
Бүгүн, 19-июнда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн маалымат жыйын берди.
Анда өкмөт өкүлүнө "Ысык-Көлдө балдар лагерлери качан иштеп баштайт?" деген суроо узатылды.
"Адатта 15-июндан тарта балдар лагерлери өз ишмердүүлүгүн баштаса, быйыл кырдаалга байланыштуу алардын ишмердүүлүгүнө азырынча уруксат бериле элек. Республикалык штабдын чечими менен балдардын жайкы эс алуу лагерлерине уруксат берүү укугу жергиликтүү бийлик органдарына берилген. Ачылышы 25-июндан тартып болушу мүмкүн", - деди Акылбек Осмоналиев.
Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунун аймагында 19 балдар эс алуу лагерлери бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.