Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча мындан аркы артыкчылыктарды белгиледи




Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июнда өзүнүн кеңешчиси Дастан Догоев менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаиловду кабыл алды.
Мамлекет башчы Дастан Догоевди Гарвард университетине өтүшү менен куттуктап, окуусуна ийгиликтерди каалады. Өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы салымын канааттануу менен баса белгиледи жана анын алган билими келечекте өлкөнү өнүктүрүүгө иш жүзүндө колдонууда пайдалуу болооруна үмүт артты.
Дастан Догоевге президенттин кеңешчиси катары өлкөнү санарип трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо, ошондой эле санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңешинин чечимдерин жана башка артыкчылыктуу багыттарды аткарууга көмөк көрсөтүү тапшырылды. Мындан сырткары ал президенттин демилгеси менен түзүлүп жаткан улуттук, регионалдык жана эл аралык эксперттердин башын бириктирген санарип лидерлердин клубун жетектейт жана санариптештирүүнү мындан ары дагы алдыга жылдыруу боюнча конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу менен алектенет.
Калктын санарип көнүмдөрүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, аталган чөйрөгө инвестиция тартуу жана санарип өнүгүүгө технологиялык трансфер борборун түзүү маселелери мамлекет башчысынын көзөмөлүндө болот.
Мамлекет башчысы санариптештирүү алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу мурдагыдай эле темпте уланышы керектигин айтып, калк, бизнес жана мамлекет ортосундагы өз ара аракеттешүү процесстерин автоматташтыруу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.
Президент Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаиловдун жаңы кызматындагы ишине ийгиликтерди каалап, өлкөнү санариптештирүү мамлекеттик саясаттын жакынкы жылдарга карата артыкчылыктуу багыты экенин эске салды.
Алтынбек Исмаилов өлкөнү санариптештирүү алкагында учурдагы долбоорлордун ишке ашуусу жана алдыдагы пландар жөнүндө маалымат берди. "Мамлекет платформа катары", "Санарип аймак" долбоорлору жигердүү ишке ашырылып, аймактарда мектептер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кеңири тилкелүү интернетке кошуу боюнча иштер активдүү түрдө улантылып жатканын белгиледи.
Ошону менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык санарип кызматтар активдүү киргизилип, калктын, бизнестин жана мамлекеттин санарип көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Алтынбек Исмаилов маанилүү багыттардын бири дата-борборун куруу жана бизнес үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боло тургандыгын баса белгиледи.
Алтынбек Исмаилов өлкөнү санарип трансформациялоонун алкагындагы бардык долбоорлорду ишке ашыруу мурда белгиленген мөөнөттө аягына чыгарыларына ишендирди.



1 |