super.kg logo

Садык Шер-Нияз Болот Шердин коштошуу зыйнатында: "Бокем биринчи байлык ден соолук эмес, ар-намыс деп айткан"

 

Бүгүн, 23-июнда Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылында белгилүү саясатчы Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Болот Шердин бир тууганы, депутат Садык Шер-Нияз агасы биринчи байлык ар-намыс экенин айтканын билдирди.

"Болот агам көк жал, баатыр эле. Кечээ президент Сооронбай Шарипович мага телефон чалып, туугандарына, Талас элине, кыргыз элине көңүл айтты. Менин агам мыктынын мыктысы болчу. Учурдан пайдаланып канча күндөн бери Болот агама дуба кылып, айыгып кетишин тилеген кыргыз элине ыраазычылык билдирем.

Бокем башкача жашай албайт болчу. Бокем 80, 100 жашка чыкса эмне? Бирок Бокем жүрө албайт эле. Ал 80 жашка чыгып, таяк таянып жүрө албайм деп арманын айтчу. Бокем "Садык, биринчи байлык ден соолук эмес, ар-намыс" деп айткан. Бокем биринчи инсульт алганда барып "биринчи байлык ден соолук бекен?" деп сурадым. Ал күлүп туруп, биринчи байлык ар-намыс, аны эч ким жокко чыгара албайт деген. Мына ар-намыстуу Бокем бул дүйнөдөн кете берди. Бокемдин жүрөгү кыргыз, Талас деп сокчу эле. Мага Шерниязовдордун үй-бүлөсү Талас элине тизе бүгүп өткүлө деп айткан. Анткени 2010-жылы 6-апрелде Талас эли тикесинен тик туруп, эркек аттуунун баары кандуу бийликти кулатып берген. Талас кыргыз элинин намысы болуп берген. Ошондуктан Болот Шер "мени туугандарымдын арасына койгула" деп керээзин айтты эле", - дейт Садык Шер-Нияз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.06.2020. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун...
24.06.2020. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах билет жетинчи апрель окуясында күнөөлүүлөрдү жана жазасын ушул жашоодо ала баштады кече бирөөсү камалды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: