"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы кол топтолууда
Аталган мыйзам долбооруна петиция социалдык тармактын активдүү колдонуучулары тарабынан иштелип чыккан.
Буга чейин, 8-июнда Жогорку Кеңеште “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, ага "макул" деп 102 депутат добуш берген. 19-июнда бул боюнча парламентте экинчи талкуу өтүп, депутаттардын көбү "макул" деген добуш беришкен. Мыйзам долбоорунун ишке кирүүсүнө президент кол койсо, бүтүндөй социалдык тармактар көзөмөлдөнүп баштайт.
Мындай мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова сунушташкан. Анда интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Эгерде, кандайдыр бир сайтка же баракчага чындыкка дал келбеген маалыматтар жарыялана турган болсо, өкмөт дароо блокко салат жана ал жоопко тартылат.
Ал эми активисттер, айрым журналисттер бул мыйзам өлкөнүн Конституциясына каршы келет деп эсептешип, сөз эркиндигине чектөө болуп жатат деген мааниде бардык жарандарды петицияга катышууга чакырышууда.

