super.kg logo

Жарандык активист Айбек Мырза кармалган жок

 

Жарандык активист Айбек Мырза кармалган жок. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Элдин баарын мыйзамдуулукка чакырган адам өзү карантиндик посттон текшерилбей өтүп кеткендигине байланыштуу Айбек Мырзанын жана элдин саламаттыгын сактоо максатында тест алынды. Анткени мыйзам, талап баарына бирдей. Болот Шерди акыркы сапарга узатууга келген жогорку кызматтагы адамдар да милдеттүү түрдө тест тапшырды Ошондой эле Айбек Мырзага коронавирус күчөп турган мезгилде, адамдарын массалык түрдө чогулушуна жол берилбей турганы эскертилип үйүнө жиберилди", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Айбек Мырза Талас райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгенин анын жанында жүргөн жарандык активисттер билдирген.

24-июнда Айбек Мырза Талас районунда "Жер-Үй" алтын кени боюнча жыйын өткөрүүнү пландап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: