super.kg logo

Өкмөт: "Дарылардын баасын негизсиз жогорулаткандардын баары мыйзам чегинде жоопко тартылат"

 

Өлкөдө COVID-19га чалдыккандар үчүн ооруканалардагы орундарды көбөйтүү иштери күнүгө жүргүзүлөт. Тиешелүү тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында берди.

"Калк арасында терс маанай жараткан жана дүрбөлөң түшүргөн такталбаган маалыматтар өтө ыкчам тарап жатат. Ооба, белгилүү бир кыйынчылыктар бар. Алсак, бейтаптар үчүн орундар ыкчам толуп калууда. Ооруканалардагы кезектер коркуу сезимин пайда кылып жатат. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн биз жана дарыгерлер бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз", - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнү Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жатаканаларында 500дөн ашуун орун бар.

Жыйында дары-дармектердин баасы боюнча дагы маселе талкууланды.

"Бүгүнкү күндө актуалдуу маселелердин бири – бул дары-дармектердин баасы. Көптөгөн дарыканалар суроо-талап жогору дары каражаттарынын бааларын кескин көтөрүп жиберишти. Буга жол берилбеши керек. Бааны негизсиз көтөргөндөрдүн баары мыйзам чегинде жоопко тартылат. Азыр адамдардын башына түшкөн кыйынчылыктан пайда издебей, жардам бере турган учур", - деген өкмөт башчы. Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга фармацевтикалык базардагы абалды көзөмөлдөөнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.07.2020. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кече толтура даары алгам ар бир даарыга 20-25 сом кошуп койуптур тышындагы баа башка чекттеги баа башка бирок мен гриппке тиешеси жок даары алгам эми элестеткиле грипп менен простуданын даарыларына аяабай эле коп кошуп койушуптур.бул уят
02.07.2020. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Унду кымбаттатканда чара коробуз дегенсинер арзандамак турсун продуктынын баары асманга чыккан.Дары менен иштегендерге созунор отпойт бааны тушуром десе бир кундо эле тушурсок качантан бери айтып атасынар.Эртен доллар кымбаттады ошого которулду деп чыгасынар
02.07.2020. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даары го мейли силер бет капты текшере албай жатасыңар го аптекаларда 20сомдон 25сомго чейин сатылып жатат эгерде жалган десеңер айткыла 50гө жакын аптеканы өзүмдүн районумдан эле көрсөтүп берейин
02.07.2020. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азык туулук продукты тамак аш баары кымбаттады аларга эмнеге чара корулбойт??? Элде акча жок иштейин десен иш жок Оруссяга кетейин десен жол жабык деги эртереек кутулсак экен ушул дарттан ато элдер кыйналып кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: