super.kg logo

Республикалык штаб Ош шаарында киргизилген чектөөлөрдү жарыялады

 

Республикалык штаб пандемия шартында Ош шаарындагы коомдук жайлардын иштөө тартибин жарыялады. Ага ылайык, дүйшөмбү күндөрү шаардагы базарлар дезинфекциялоо үчүн жабылат.

Бекитилген тартип боюнча, Ош шаарындагы соода-сатык пункттары саат 07:00дөн кечки 22:00гө чейин иштейт.

"Кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануу жайлары саат 08:00дөн кечки 22:00гө чейин иштейт. Тойкана, караоке-клуб жана компьютердик клубдарга кишинин санына карабастан, иштөөсүнө тыюу салынган.

Ош шаарынын борбордук базары, “Келечек”, “Тешик-Таш” жана автоунаа тетиктерин саткан базарлар дүйшөмбү, бейшемби күндөрү иштебейт. Апта ичинде эки жолу дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Ал эми шаар аймагындагы кичи базарлар дүйшөмбү күндөрү дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшү шарт.

10-июлдан 31-июлга чейин Ош шаарынын аймагындагы мечиттерде жума намазы убактылуу окулбайт. Бул маселе вирусологдор жана шаар казысынын катышуусунда талкууланып, чечим кабыл алынды.

Шаардагы эс алуучу жайлардагы балдар ойноочу аянтчалар, соода борборлорундагы балдар ойноочу жайлар, бильярд залдары, интернет клубдары, караоке залдары, түнкү клуб жана бассейндердин иштөөсүнө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынды.

Ош шаарынын аймагында той-мааракелерди өткөрүүгө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынды. Тыюу салынышына карабай, той-мааракелерди өткөргөн кафе-ресторандарга айып пул салынып, 1 айга чейин иштөөгө уруксат берилбейт. Той-мааракелер жеке турак үйлөрдө да өткөрүлбөшү керек", - деп маалымдалды штабдан.

Жогорудагы талаптардын аткарылуусун көзөмөлдөө үчүн рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлөрү кошумчаланат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
04.07.2020. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тынчтык эле болсунчу. Аябай негатив жанылыктардан чарчадык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: