Бүгүн, 11-июлда экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалилов пневмониядан улам каза болду. Кечээ, 10-июлда ал оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилгени маалымдалган.
Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында 1975-жылы 21-январда туулган. Атасы Тажибай Жалилов математика мугалими, апасы Гүлжамал Сакыева англис тили боюнча мугалим. Чубак Жалилов үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси болгон.
ЭМГЕК ЖОЛУ
Чубак Жалилов 1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргыз ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиядагы Умм аль-Кура эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Эне тилинде жана орус, араб тилдеринде эркин сүйлөгөн.
Чубак Жалиловдун эмгек жолу 1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим болуу менен башталган.
Ал эми 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, ошол эле жылдары Азирети Умар атындагы Кыргыз ислам университетинде мугалим болуп эмгектенген.
2010-2012-жылдары Кыргыз Азирети муфтийи кызматын аркалаган. Андан сырткары диний билим берүү тармагын жана КМДБнын, Уламалар кеңешинин, Муфтийдин, казылардын, Баш имам хатибдердин билимдерин, милдеттерин, жоопкерчиликтерин шариятка жана мыйзамга туура келе тургандай кылып реформалоодо бир топ салым кошкон.
МАЕКТЕРИ
"Мүнөзүм чорт экени чындык, бул мендеги "жымсалдамай" деген ыкманын жоктугу. Же болгон нерсени бурмалабай, түптүз бетке айтканымдын "жемиши". А бирок "жактырбаган кишиси менен сүйлөшпөй коёт" дегенге кошулбайм", - деген маектеринин биринде.
"Муфтий кезимде жардамчыларым "уят болот" деп базарга барышыма тыюу салышчу. Кээде жупуну кийинип барсам "этикет сакталышы керек, протокол бузулбашы керек" деп айтып калышчу. Бирок мен жашырынып эле базарга барып, дүкөнгө кирип соода кылып чыкчумун", - деген маектеринде.
"Супер Инфо" гезитине берген маектеринде ал үйдөгү китептеринин салмагы 4-5 тоннага жетип калганын айтып берген. "Менин бир өзгөчөлүгүм, китепти ушунчалык тездик менен окуп, ошол маалымат менин эсимде биротоло сакталып калат. Чыгарма окусам, өзүмчө эле «сюжетти кайдан алган, кимден уурдап алды экен?» деп изилдей бермейим бар. Бул адат менде бала кезден бери бар. Үйдөгү китептердин салмагы 4-5 тоннага жетип калат го, алардын ичинен кандай китеп бар же жок экенин жатка билем", - деген ал.
Автор: Айсалкын Качкынбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Кандай гана сүйкүмдүү жүзүнөн нуру кетпеген күлүп жүргөн инсан элеңиз Аллах бейиштен орун берсин.
Көзүңүз тирүүсүндө барктабадык.
Көңүл буруп ыймадарды сактабадык.
Кейиштүү күн болдуго кыргыз элим.
Тирүү кезде бүт дүйнөгө даңктабадык.
Саясатка келет деп пневмонияны шылтоо кылып жок кылгансып сезилип атат мага.кантип эле бир кундо олуп калсын.ишенгим келбей атат.Ажы жаткан жериниз жайлуу болуп бейиштен орун берсин сизге Аллахым.
Кыргызстандагы гана эмес.орто азиядагы эн илимдуу билимдуу,коншу олколорду суктандырган аалымдарыбыздын бири эле.Аттин ай ажалга айла жок экен да,жаткан жериниз жайлуу болсун.
Чубак Ажыны каза болгондо дагы тынч койбой, жаман сөз жазып, беш алтоосу биригип алып минус басып эмне деген заман болуп баратат. Мен билгенден эч бир элде, эч бир динде маркумга жаман айткан эмес. Таптакыр динден чыккан адамдар дагы бар окшойт, тобо кылгыла таба эмес
Инна-лиллахи ва инна-илайхи раджиун(Акыйкатта биз Аллага таандыкбыз-анын алдына кайтабыз) Аллахым билип билбей кетирген куноолорун кечирсин,сурагын женил кылып кылган амалдары учун пайгамбарыбыз(САВ)га кошуна болушту насип этсин
Жоок !койгулачы кантип эле!!! Кудай ай,Ажыке((((Канча адамды сасык саздан сууруп чыктың эле Ажыке ((Канчалаган жаштарды тартиптүү жолго,туура багытка буруп койдуң эле Ажыке((Атың өчкөн арактан,арамдан канчалаган мекендешиңди бир күлгүзүп,бир урушуп баян айтып жүрүп алыстатып алдың эле Ажыке((Айрыкча жаштардын намазкөйлүгүнө,ата-эненин кадырын түшүнүп арам жолдон алыстаган салымың тоодой Ажыке!Кудай күбө!Анча мынча сөзүңө териккенмин,кечир Ажыке Аллах мээримине алган болсун...
Бул жердеги минус баскан динсиздер жанынар козунорго корунгондо эстейсинер Алланы,силер олгондо силер жаман коргон дин менен кепиндеп силер жаман коргон молдолор жаназанарды окуйт, экскаватор менен жайынарды казып туртуп салбай
Ыйманы саламат болсун! Бейиштен торунон орун бер кудайым! Абдан кыйын адам эле. Коптогон адамды кызыктуу откон маектери менен он жол салып кетти. Эми Чубак ажыдай адам жок.(((
Адам өлүп жатат, жөн гана бейишин тилеп койгула да! Же тилей албасаңар жөн эле өтүп кеткиле, унчукпай.
Оозунардар ак ит кирип кара ит чыгат, эки тарап тең.
Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торкоо болсун.
Оруу эртерээк кетсин КГдан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
×
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:
Көзүңүз тирүүсүндө барктабадык.
Көңүл буруп ыймадарды сактабадык.
Кейиштүү күн болдуго кыргыз элим.
Тирүү кезде бүт дүйнөгө даңктабадык.
Минусту басканга, кимдин колу барып жатат болду экен
Чубак ажынын илими анча мынча адамда жок
Сенин жомогун озуно эле буюрсун. Молдолордун жомогун бул жака туртпой эле кой.
Оозунардар ак ит кирип кара ит чыгат, эки тарап тең.
Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торкоо болсун.
Оруу эртерээк кетсин КГдан.