super.kg logo

Ошко Москвадан 156 Кыргыз жараны кайтып келди

 

Бүгүн, 11-июлда “Ош” эл аралык аэропорту «Авиатраффик Компани» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам чек аралардын убактылуу жабылышы жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиакаттамдардын токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында, Кыргыз өлкөсүнүн президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашырылган. Учакта орундуктардын саны чектелүү жана өлкөгө кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө каттамга Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтууга себеби бар жарандар, оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.07.2020. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жоон кетем дегендерди эмне сооке киргизбейт экенби. Бул жагы чатак болдуго чык эшике деп оз уйубузго киргизбеген адам бул кандай адам.
12.07.2020. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mital.89,сага окшогон түшүнбостөрдүн айынан Кыргызстанда көбөйүп кетти
12.07.2020. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чек ара толугу менен качан ачылат экен? авиакаттам качан обычный режимде каттап баштайт экен? жообун жазып койгулачы сураныч
13.07.2020. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Majit1975, кайсыл өлкөдө карона вирус жок болсо ошол өлкөнүкү ачык болот экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: