Шашылыш билдирүү! Республика аймагында чагылгандуу жаандын жаашы күтүлүүдө
16-июлдан 17-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошол себептен коопсуздук иш-чараларды сактап, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.
16-июлга карата республиканын аймагында күтүлүп жаткан аба ырайы: Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Чүй,Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кыска убакыттагы жаан-чачын, чагылган жана шамал болушу күтүлүүдө.



1 |