Маданият министрлиги Улуттук фтизиатрия борборуна зарыл болгон медициналык каражаттарды алып берди





Маданият министрлигинин кызматкерлери 1 күндөн 3 күнгө чейинки эмгек акысын COVID-19 илдетинен дарыланып жаткан жарандарга жумшады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Министрликтин кызматкерлери 1 күндөн 3 күнгө чейинки эмгек акысын чогултуп, каражатка Улуттук фтизиатрия борборун кычкылтек балондору, кычкылтек редукторунун комплектилери, "кызыл зонадагылар" менен аралыктан сүйлөшүүчү рациялар, жеке коргонуучу шаймандар жана канцеляриялык товарлар менен камсыздады. Бул сыяктуу камсыздоону министрлик үзгүлтүксүз улантат", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, өкмөттүн ушул жылдын 10-июлундагы чечими менен министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери медициналык мекемелердин жана стационарлардын ишин уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелери боюнча жооптуу болуп бекитилген. Чечимге ылайык, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Улуттук фтизиатрия борбору бөлүнгөн.

