super.kg logo

Телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков президент менен жолукканда "Маалыматтык манипуляция жөнүндө" мыйзамына кол койбоону өтүндү

 

Бүгүн, 21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылар менен жолукту.

Телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков SUPER.KG порталына билдиргендей, суроолордун көбү сын иретинде болду.

"Жолугушууга 12 ыктыярчы катышты. 40-50гө жакын суроолор берилди. Мени кубандырганы суроолордун көбү сын иретинде берилип, эч кандай мактоолор болгон жок. Маселелер көп айтылды. Алардын ичинен негизгилер чет мамлекеттен келген донорлук жардам, насыя боюнча болду. "Бул каражаттар боюнча эмне үчүн толук отчёт көрбөй жатабыз?" деген суроо берилди. Ошондой эле сын-пикир айтып чыккан дарыгерлерди куугунтукка алып, басмырлоо болуп жатканы айтылды.

Мен мамлекет башчысын "Маалыматтык манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамына вета киргизип, кол койбоону өтүндүм. Президент мыйзам жаңы келип түшкөнүн айтып, карап жооп бере турганын билдирди.

Көптөгөн чыгаан инсандар пандемиядан өтүп кетти. Алардын элесин урматтап, улуттук аза күтүүнү өткөрүү сунушумду президент туура деп кабыл алды", - дейт Рыскулбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
21.07.2020. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана эми Рыскулбеков президенттикке талапкердигин койсо.
21.07.2020. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Рыскулбековбу... Эки адамга суроо бергенде, алар талашып-тартышып, урушуп жатышса суйуном деген го... Урушкандар кобоюп, ал суйунуп отура бербесин...
21.07.2020. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mintip-menu-suybo,ал сөздүн маанисин түшүнбөсөң ал сенин проблеман
22.07.2020. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Рыскулбеков менен Жамгырчиеваны эмнеге чакырды? Лучше Алтынай Нарбаева менен Эрнис Борубаев барганга татыктуу адамдар болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: