Акыйкат издеген эне: "Кызымды зордуктаган жарандын ИИМде байланыштары бар. Ал акталып кетти"






Бүгүн, 23-июлда "Супер Медиа" пресс-борборунда 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүү жаранды сот актап жибергени боюнча жабырлануучу тарап маалымат жыйын берди.
"Мага менин кызымды зордуктаган жарандын акталышына башкы прокурордун биринчи орун басарынын тиешеси бар болушу мүмкүн экендиги тууралуу маалымат келди. Ал ички иштер министринин мурдагы орун басарынын жердеши экен. Бул жердеш менин кызымды зордуктаган жарандын чоң атасы, ИИМдин мурдагы орун басарынын бир тууганы дешүүдө. Ошон үчүн акчалуу жана таасирдүү туугандарына таянып, шектүү кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетем деген ою болгон.
Сотто прокурор бул иш боюнча эки саат сүйлөгөн. Бул деген айыпталуучу күнөөлүү дегенди билдирет. Ошол эле сотто биздин келтирген өтүнүчтөр бардыгы жокко чыгарылды. Анан эле Биринчи Май райондук соту айыпталуучуну актады. Биз бул ишти кайра тергелүүсүн сурандык. Бирок канааттандырган жок.
Биз тергөөчүнүн кандай тергөө жүргүзгөнү боюнча эч нерсе сурай алган жокпус. Ал кандай кылып ишти сотко өткөргөнү боюнча да маалымат жок. Мага жактоочум мындай кылмыштарды жасаган адамдарды жоопко тартуу кыйын экендигин жана соттук системде коррупция бар экендигин айтты. Бирок мен адилеттүүлүккө ар дайым ишенчүмүн. Менин 13 жаштагы кызымды зордуктаган адамдын акталышын кантип акыйкаттык деп айтууга болот?
Президент Сооронбай Жээнбековго судья Айбек Эрнис уулун кайра кызматка дайындабаганы үчүн ыраазычылык билдирем жана бул ишти жеке өзүнүн көзөмөлүнө алуусун суранам", - деди кыздын апасы.
"Бизде бардык далилдер бар. Бирок ошону дагы карабай сот айыпталуучуну актап салганы бул мыйзамсыз. Ошондуктан 28-июлда өтүүчү Жогорку Сот бул өкүмдү жараксыз деп таап, кайра бул ишти кароого жөнөтүшүн талап кылам. Менин кардарымдын бул иштин өтөсүнө чыгууга, жеңишке дейре жетишүүгө чечкиндүүлүгү бар", - деди жактоочу.
Бул окуя кеңири "Супер-Инфо" гезитинин макаласында жазылган. Жабырлануучунун апасынын айтымында, 2016-жылы 13 жаштагы кызы лагердеги теңтуштары менен кинотеатрга барган учурда кылмышка шектүү лагердеги вожатыйдын жардамчысы тарабынан зордукталган. Кийин бул окуя Биринчи Май райондук соту Айбек Эрнис уулу айыпталуучуну актап, бошотуп жибергенин депутат Айсулуу Мамашова айтып чыккан соң, коомчулукта резонанс жараткан. Жогорку Сот эл өкүлүнүн сөзү боюнча билдирүү таратып, бул иш прокуратуранын кассациялык арызынын негизинде кылмыш иши Жогорку Соттун өндүрүшүндө жана каралып жаткандыгын маалымдаган.





1 |