super.kg logo

Бишкек шаардык Борбордук мечити дарыгерлерди колдоо максатында жалпысынан 582 миң сомдук жардам көрсөттү

 

Бүгүн, 24-июлда Бишкек шаардык Борбордук мечити дарыгерлерди колдоо максатында жалпысынан 582 миң сомдук жардам көрсөттү. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаардык Борбордук мечиттин атынан жалпы өлкө аймагындагы дарыгерлерди колдоо максатында 582 миң сомдук акчалай, дары-дармек жана медициналык коргоочу каражаттар таратылып берилди.

Кайрымдуулук жардамы Бишкек шаары жана Баткен облусундагы ооруканаларда кызмат өтөгөн дарыгерлерге берилген. "Учурда элдин саламаттыгы үчүн кызмат кылып жаткан дарыгерлерибизди колдоо максатында акчалай жардам жана аларга коргоочу каражаттарды алып бердик. Жардамдын бир бөлүгүн Баткен облусуна жибердик. Буюрса бул илдетти баарыбыз биргеликте жеңип чыгабыз",- деген иш-чараны уюштуруучуларынын бири Сталбек ажы Акматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: