Өкмөт башчы Саламаттыкты сактоо министрлигинин региондордогу координаторлорунун жана облус жетекчилеринин дарегине сын айтты



Мамлекет тараптан аймактык ооруканаларга материалдык жана акчалай берилген жардамдар айылдардагы фельдшердик-акушердик пункттарга да таратылуусу керек. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Саламаттыкты сактоо министрлигинин линиясы аркылуу райондордогу аймактык ооруканаларга жеке коргонуучу каражаттар жана башка медициналык жабдуулар берилүүдө. Мындан тышкары дары-дармек алуу үчүн акчалай түрүндө жардам көрсөтүлүп жатат. Булар айылдарга чейин өз тартиби менен бөлүнүп берилиши керек. Айтылган ишти райондук администрациялардын башчылары - акимдер көзөмөлгө алат", - деди премьер-министр Кубатбек Боронов.
Жыйындын жүрүшүндө өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактардагы координаторлоруна медицина кызматкерлеринин кадрдык резервин түзүү иштерин күчөтүү милдеттендирилди.
"Ар бир облуста убактылуу бош же башка тармакта иштеп жаткан медицина кызматкерлерин жумушка тартууну күчөтүү керек. Алардын тизмесин түзүп, иш келишимдик негизде жүргүзүлөрүн түшүндүрүү зарыл", - деди өкмөт башчы.
Ошондой эле аймактарда өпкөнүн сезгениши жана COVID-19 боюнча жаңы учурлар көп катталып жатканы, санитардык-гигиеналык эрежелер менен карантиндик нормалар сакталбай жатканы айтылды. Премьер-министр бул багыттагы ишмердүүлүгү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин региондордогу координаторлорунун жана облус жетекчилеринин дарегине сын айтты.

