super.kg logo

Абанын температурасы 5-августтан баштап жогорулайт. Өлкөдө күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу маалымат

 

Өлкөнүн аймактарында туруксуз аба ырайы 5-августка чейин сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

30-31-июлда жана 1-3-августта Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

30-июлда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүзү жана 31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-июлда күндүзү өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
1-2-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
3-августта түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-июлда жана 1-3-августта Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы

30-июлда түнкүсүн Чүй облусунун айрым райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-июлда эртең менен күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
1-2-августтарда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
3-августта түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-июлда жана 1-3-августта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба-ырайы

30-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүзү жана 1-августта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
1-2-августта айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
3-августта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-июлда жана 1-3-августта Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы

30-июлда айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
1-2-августта кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-июлда жана 1-3-августта Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба-ырайы

30-июлда түнкүсүн жаан-жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
31-июлда күндүз жана 1-3-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-июлда жана 1-3-августта Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы

30-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүзү кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүзү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
1-2-августта кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
3-августта кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-июлда жана 1-2-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-5-августта республиканын аймактарында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу:

4-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
5-августта тункүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: