super.kg logo

"Тааныштарыныкына кетип калышкан". Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан бир тууган кыздар Баткенден табылды

 
Нурзада
Нурзия

18-июль күнү Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынан өз үйүбүзгө кеттик деп кеткен Базар-Коргон районунун Аук айылынын тургундары 2004-жылы туулган Сабырбекова Нурзада Нуралиевна жана 2005-жылы туулган Сабырбекова Нурзия Нуралиевна Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

"Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарыяланган маалыматтан соң бир тууган кыздардын болжолдуу жүргөн жери аныкталган. Ноокен РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында өспүрүм кыздар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан табылып, Ноокен районуна алып келинип, апасына өткөрүлүп берилген. Кыздарды сураган учурда Кызыл-Кыяга тааныштарыныкына кетип калгандыгын билдирген.

Өспүрүмдөрдүн апасы кыздары аман табылганына сүйүнүп, милицияга жана жакындан колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди", - деп билдиришти мекемеден.

Буга чейин, 18-июлдан бери эки бир тууган кыздар дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.08.2020. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаш жеткинчектер үйүнөн айтпай чыгып кетип башка облуска кетип калмай модага айландыбы?
03.08.2020. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акылы жоктор.Апанарды ойлобойсунарбы.
03.08.2020. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rola Ата энесин канча жылга каарыттынар экен. ошону ойлошту бекен
03.08.2020. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыркы подростоктор башкача чоноюп жатасынар.Апам айтмакчы ээн баш,ээн чоку болуп
03.08.2020. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эси жок кыздар экен да
04.08.2020. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Здесь что то не то....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: