Бишкек шаарында коомдук транспорттун, соода борборлордун жана кафе-ресторандардын иштөө убактысы узартылды (тизме)
Бүгүн, 3-августтан баштап экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарындагы айрым чарбалык субъекттердин жана коомдук транспорттордун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардагы жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттор (автобус, троллейбус, маршруттук таксилер) эртең мененки саат 07:00дөн 11:00гө чейин жана 14:00дөн кечки 23:00гө чейин иштейт. Дем алыш күндөрү милдеттүү түрдө дезинфекцияланып, коомдук транспорт иштебейт.
Аянты 100 чарчы метрден ашык болгон соода борборлору, супермаркеттер, комплекстер, соода түйүндөрү күн сайын эртең мененки саат 07:00дөн 00:00гө чейин иштейт.
Кафе жана ресторандар, ошондой эле башка тамак-аш соода түйүндөрү эртең мененки саат 07:00дөн кечки 22:00гө чейин иштешет. Ал эми тамак-аш жеткирүү кызматтары санитардык нормаларды так сактап, күнү-түнү иштөөгө уруксат берилет.
Шаардагы базарлар мурдагыдай эле иштешет - күн сайын саат 09:00дөн кечки 17:00гө чейин.
Тийиштүү буйрукка борбор калаанын мэри Азиз Суракматов кол койду.


Азыркы убакта эң зарыл болуп жаткан медицина кызматкерлери дем алыш күндөрү кантип жумушуна барып келип иштешет деп.
Башы да оорубайт эмне кылсаңар ошол деп койду да.
Кыргыз элим, эми масканы тагынууну, ж.б.у.с. санитардык-гигиеналык нормаларды сактоону унутпайлы. Учунчу толкун болтурбоого аракет жумшайлы. Айдан аман, 2020-жылдан эсен чыгалы. Жакындарыбыз менен тугол бололу.