ӨКМ: "7 айдын ичинде өрттүн саны 39 пайызга кыскарды"
7 ай ичинде республика боюнча 1 236 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 39,7 пайызга азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 10 адам каза таап, 16 адам жабыркаган. Өрттөн 24 адам куткарылган. 763 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 61,7 пайызын түзгөн.
Өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:
• Бишкек шаарында 207;
• Чүй облусунда 334;
• Ош облусунда 150;
• Жалал-Абад облусунда 164;
• Ысык-Көл облусунда 137;
• Нарын облусунда 47;
• Талас облусунда 64;
• Ош шаарында 39;
• Баткен облусунда 94 өрт катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.