super.kg logo

"Өлкөдө COVID-19дун экинчи толкуну октябрда болушу мүмкүн" дейт эпидемиолог Алексей Кравцов

 

Өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну октябрда болушу жана бейтаптардын саны эң жогорку чекке жетиши, тактап айтканда июль айындагыдай абал кайталанышы ыктымал. Бул тууралуу "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин инфекциялык көзөмөл боюнча республикалык борборунун адиси Алексей Кравцов "Дарыгерге сөз" программасында билдирди.

Анын айтымына караганда, өлкөдөгү эпидемиологдор Оксфорд университетиндеги кесиптештери менен биргеликте өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга кайрадан анализ жүргүзүшкөн.

"Ал оорунун жогорку чеги октябрь айында болорун так көрсөттү. Эгер чара колдонулбаса, көрсөткүч жыл аягында же жаңы жылдын башында гана төмөндөшү мүмкүн. Ошондуктан биз объективдүү даярдык көрүшүбүз керек. Ал ОРВИ (курч респиратордук вирустук инфекция) жана сасык тумоо сезонуна туш келет. Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы вакцинаны сатып алат. Себеби инфекция оорулар менен курч болушу мүмкүн", - деген ал.

ОРВИ же сасык тумоону коронавирустун биринчи белгисинде айырмалоо кыйын экенин Николай Кравцов кошумчалаган. "Качан биз оору тууралуу айтканда, анча белгилүү эмес симптомдору жүрөт: баш оору, дене таптын көтөрүлүшү, чыйрыгуу", - деп кошумчалаган ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.08.2020. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жогорку мамлекеттерден ошондой план келген окшойт
06.08.2020. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оору мене кырсык каш кабактын ортосунда айттырбай келет дейтго аллахым ошондой оору,кырсактан озу сактасын бирок бул ковид-19 коноко барам кутуп ал даярданып тур дегендей эле болуп пландаштыра баштаптырго качан кайсы куну келип кетишинен бери айтып.Пландаштырылган политиканын оюну сыяктуу
06.08.2020. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Абдыманап күздүн октябрь айларына барып үйлөнөт дегендей эле айтып салыптыр го, оозуңа кара таш.
Экинчи толкунду атайын эле уюштурбасаңар, өзүнөн өзү болбойт. Азыр адамдар баары билип бүтүштү, баарында маска, колдорунда антисептик, Кудайга шүгүр эле сактанып келе жатышат, бул кетиште коронавирус эмес ОРВИ, ГРИПП, майда чүйдө оорулардан биротоло кутулабыз.
06.08.2020. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде бир саясий тандем бардай корунот акыркы убакта коп коп айта башталды кайсы айда эмне болгонун
06.08.2020. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыртадан пландаштырып барып, шайлоону өткөрүп эле карантин кылат окшойт
06.08.2020. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кара тоогуму жептир врач,дооруй бересинби билип билбей эле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: