super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасында болгон чыр боюнча эки тарап тең иликтөө жүргүзөт

 

Бүгүн, 6-августта Согди облусунун Исфара районунун Ходжаи айылында Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарынын, Тажикстандын Согди облусунун губернаторунун орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Баткен багыты боюнча жана Тажикстан Республикасынын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн, ошондой эле тараптардын укук органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тажик тараптын айтуусундагы Тажикстандын жараны октон жаракат алып, анын жыйынтыгында каза тапты деген маалымат такталууга алынган.

Жолугушуунун катышуучулары эки факты боюнча:

- Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкеринин жаракат алгандыгы жана Тажикстандын жаранынын октон жаракат алып каза тапкандыгы боюнча ар бир тарап өз алдынча иликтөө ишин жүргүзүү чечимине келишти.

Эки окуя тең 2020-жылдын 6-августунда эртең менен болгон. Тагыраагы, эки окуя эки башка жерде болгон. Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын мамлекеттик органдары ар кимиси өз багыты боюнча, өз ара аракетти күчөтүшү керектиги, жаралган көйгөйлүү маселелерди ыкчам түрдө чечүү үчүн жолугушууларды уюштуруп туруу жана мамлекеттик чек арада жана чек арага канатташ аймактарда чыр-чатактарга жол бербөө керектиги айтылды.

"Тараптар чек арага канатташ аймактардын калкы арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантышат. Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги учурда абал туруктуу", - деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.08.2020. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Э качан бүтөт иликтөө керек болсо баяда болгон иш боюнча иликтөө бүтө элек анан бул иликтөө 10 жылдан кийин бүтөбү? Ошончо болду иликтебей эле жөн эле кыргыз тарап биз күнөөлүбүз деп кечирим сурап койгула чоңдор ошол оңой ,жөн эле иликтөө деп бул нерсе бүтпөйт качан чек ара такталып зымтор менен тосулмайынча
Модератор admin_superstan түзөттү 2020-08-07 15:07:24
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: