Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү боюнча ири курулуш иштери башталды







Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү боюнча ири курулуш иштери башталды. Бүгүн, 7-августта Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери расмий түрдө башталды.
Капсула салуу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов жана шаар тургундары катышты.
Шаар мэри ири долбоор шаардыктар үчүн жасалып жатканына токтолуп, шаарды иретке келтирүү иштери уланарын билдирди. Капсула салынганга чейин мыйзамсыз курулуштар алынып, дарыянын жээгин бекемдөө иштери башталган.
“Шаардын так ортосунан өткөн дарыяны каалагандай тосуп алып, эл эс ала турган жайларды ар ким каалагандай пайдаланбашы керек. Биздин максат жеке адамдарга эмес, жалпы шаардыктар үчүн дарыянын жээгин көрктөндүрүп, шарт түзүп берүү. Эң биринчи максат коопсуздук үчүн дарыянын жээгин бекемдөө. Ак-Буура суктана турган жайга айланат. Бул иштерди колдоого алган өлкө башчыбызга да ыраазычылык билдирем”, - деди шаар мэри.
Ак-Буура дарыясынын жээктерин көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча долбоор 2 этаптан турат. 1-этабында Вахапова көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейин оңдолсо, 2-этабында Нурматов көчөсүнөн Навои көчөсүнө чейин оңдоо иштери жүрөт.
Долбоордо дарыянын жээгин бекемдөө, жаш балдар ойноочу аянтчалар, эс алуучу жайлар, жөө жана велосипед менен жүрүүчү жолдор, жарыктандыруу, отургучтар, көпүрөлөр курулуп, санитардык тазалоо иштери каралган. Мындан тышкары тазалык үчүн урналар коюлуп, велопарковкалар курулат. Дарыянын жээктерине коопсуздук үчүн тосмолор орнотулмакчы. Шаар мэри курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү тапшырмасын берди.







1 |