super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасында жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүлдү

 

Чек арада жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы өкмөт өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов, облустук ооруканага барып, Кыргыз-Тажик чек арасында жараат алган жарандардан кабар алган.

"Жаркынбек Максутов чек арачылардын жана чек аралаш аймакта жашаган ар бир тургундун, мамлекеттик чек араны коргоодо жана коопсуздукту камсыз кылууда салымы зор деп белгилеп, аларга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады. Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун резервдик фондунан акчалай жардам көрсөттү.

Учурда жараат алган чек арачынын абалы орто. Ал эми Көк-Таш айылынын тургунунун абалы оор деп бааланууда. Окуя боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, укук коргоо органдары тарабынан ыкчам тергөө амалдары жүрүүдө. Учурда чек аралаш аймактарда абал туруктуу", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: