super.kg logo

112 ыкчам байланышы боюнча үч айдын ичинде 600дөн ашык жаран юридикалык акысыз консультацияларды алышты

 

112 ыкчам байланышы боюнча үч айдын ичинде, тагыраагы 1-майдан 31-июлга чейин 614 жаран юридикалык акысыз консультацияларды алышты. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Акысыз юридикалык консультацияларды алгандардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча - 417 адам;

Аймактар боюнча – 197 адам.

Кайрылгандардын ичинен эркектер – 232, аялдар – 382. Анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерден 19 жаран консультация алган.

Эӊ көп суроо менен жарандар кайрылган маселелер:

  • жарандык укуктук мамилелер боюнча - 66;
  • эмгек укуктарын коргоо боюнча - 69;
  • үй-бүлөлүк укуктук мамилелер боюнча - 94;
  • жазык укуктары боюнча - 48;
  • үй-бүлөлүк зомбулук кырдаалы боюнча - 22;
  • социалдык коргоо маселелери бьоюнча - 21;
  • документтештирүү маселеси боюнча - 32,
  • ӨК жана ӨА учурунда пайда болгон дагы башка маселелер боюнча - 231.

Ошондой эле кайрылган айрым жарандарга андан ары да юридикалык жардамдар керек болгондугу, андыктан 115 адам башка жактарга жиберилгендиги, алардын ичинен мамлекеттин эсебинен квалификациялык юридикалык жардамга 56 адам муктаж болгондугу белгиленет. Алар Мамлекет тарабынан кепилденген Юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборго жиберилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: