super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирустан кийин калкты реабилитациялоого өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди

 

Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирустан кийин калкты реабилитациялоого өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Калктын ден соолугу - бул мамлекеттин көңүл чордонундагы маселе жана улуттун коопсуздугу. Биз жана дүйнө коомчулугу туш болгон маселелер өзгөчө мамилени талап кылат. Ооруган жарандар тиешелүү реабилитациядан өтүшү керек. Саламаттыкты сактоо министрлиги ушул багыттагы иштерди жүргүзүүгө тийиш. Участкалык дарыгерлер стационарлардан дарыланып чыккан бейтаптардын абалын көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзүүсү зарыл", - деди премьер-министр Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы үймө-үй кыдыруу иш чарасын жетиштүү деңгээлде аткарбагандыктан жергиликтүү бийлик органдарынын ишине сын айтып, бул багыттагы жумуштарды күчөтүү тапшырмасын берди.

Жыйын жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга сезондуу мүнөзгө ээ болгон сасык тумоого каршы элди эмдөөдөн өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын сунуш кылуу милдеттендирилди. Ал эми тармакты тейлеген вице-премьер-министрлерге тиешелүү медициналык каражаттарды сатып алуу жана жаңы ооруканаларды жабдуу боюнча иштерди көзөмөлдөөнү күчөтүү, ошондой эле медициналык мекемелердин кадрдык курамын аныктоо тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: