super.kg logo

Президент: "Аймактардагы ишкерлерди колдоо мамлекеттин артыкчылыктуу милдети бойдон калат"

 

Бүгүн, 13-августта президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун өнөр-жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Сузак районунда жайгашкан "Шахдан" ЖЧКна барды.

Компаниянын негиздөөчүсү Данияр Сулайманов Сооронбай Жээнбековго ишкана 2020-жылдын январынан тартып иштеп баштаганын маалымдады.

Компания жергиликтүү мөмө-жемиштерди, токой жана айыл чарба продукцияларын, "биопродуктулар" катары: грек жаңгагы, мисте, кургатылган жемиштер, күн караманын үрөнүн жана башкаларды экспорттойт.

Президент экологиялык таза азык-түлүктөрүн чет өлкөлүк рынокко экспорттоодо өлкөнүн келечектүү дараметин белгиледи.

Агрардык өлкө үчүн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканалар чоң мааниге ээ, буга байланыштуу кайра иштетүү өнөржайына мындан ары өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.

Президент мамлекеттин артыкчылыктуу милдети болгон аймактардагы ишкерлерди колдоо ата мекендик айыл чарбасын өнүктүрүүгө түрткү берерин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле, Жалал-Абад шаарындагы электр туташтыргычтарды жана шаймандарды өндүрүү менен алектенген "Нур" ААК ишканасына барды.

Ишкана жетекчиси Абдыжапар Тагаев маалымдагандай, компаниянын мындан аркы пландары өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында жаңы талаптарды эске алуу менен өндүрүштү өнүктүрүү.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактык өнүктүрүүнүн алкагында жаңы жумуш орундарын түзгөн жер-жерлердеги ишкерлердин демилгелерин колдоого өлкөнүн каржы институттарынын 70 пайызга жакын жеңилдетилген каражаттары аймактарга багытталып жатканын эске салды. Бул ички миграцияны азайтууга жана облустарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Мамлекет башчысы "Нур" ААК жетекчилигине өндүрүшкө заманбап технологияларды киргизүүнү сунуштады. Мамлекеттик түзүмдөр ишкердикти өнүктүрүү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү үстүндө иштерди улантарын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: