300дөн ашуун китептин тизмеси келип түшкөн. Кыргыз тилиндеги китептерди басып чыгаруу колго алынды



Маданият министрлиги кыргыз тилиндеги китептерди басып чыгаруу боюнча сунуштарды кабыл алуусун токтотту. Бул тууралуу Маданият маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда министрликке жалпы 300дөн ашуун китептердин тизмеси социалдык тармактардагы аянтчалардан жана кат жүзүндө келип түшкөн. Кайрылуучулар маданият өкүлдөрү, акын, жазуучулар, социалдык тармактын колдонуучулары, жеке жарандар, коомдук фонддор, китепканачылар тарабынан сунушталып, окуучулардын предметтик китептерин, дүйнөлүк классикаларды, кыргыз тилине которулуп бирок чыкпай калган чыгармаларды, эпос, романдарды, аңгеме жана ыр китептерин басып чыгарууну сунушташкан.
Эске салсак Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов буга чейин коомчулукка ачык билдирүү жасап, эл күтүп, издеп жана жарандардын табитин эске алуу менен кыргыз тилиндеги китептерди басып чыгаруу алдында тургандыгын билдирип, социалдык тармак аркылуу сунуш берүү тууралуу кайрылган. Жакынкы аралыкта кандай китептер басып чыгарыла тургандыгы тууралуу маалымат берилет.
