super.kg logo

Каныбек Исаков Жалал-Абад облусундагы билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен жолугушту

 

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Жалал-Абад облусундагы билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен жолугуп, жаңы окуу жылына карата даярдык, дистанттык окутууда педагогдорго усулдук жардам жана башка маселелер боюнча баарлашты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, министр дистанттык окутуу мезгилинде райондук билим берүү бөлүмдөрү мугалимдер менен тыгыз иштешип, аларга ийкемдүү мамиле жасоо менен ар тараптуу жардам бериши керектигин белгилеген.

Учурда министрлик 2020-2021-окуу жылы үчүн телесабактарды тартууну улантып жатат.

"Телесабактар үчүн конкурстун негизинде 260 мугалим тандалып алынган. Алар бир нече кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү жана окуучулары республикалык олимпиадада жеңишке жетишкен чыгармачыл мугалимдер. Телесабакка тартылуучу окутуучулар атайын даярдыктан жана тренингдерден өткөрүлдү", - деп билдирген министр.

Каныбек Исаков быйыл жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуунун онлайн форматка өткөрүлүшү абитуриенттерге бирдей шарт жаратып, ЖОЖдордогу кабыл алуу комиссияларынын сынактардын жыйынтыгына тийгизген таасирин жокко чыгарганын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: