super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан келген дарыгерлер мекенине кайтышты

 

Орусиялык дарыгерлердин Кыргыз өлкөсүндөгү миссиясы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Орусия Федерациясынын Башкортостан Республикасынан келген дарыгерлер кыргыз кесиптештеринин эмгегине жогорку баа беришти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп чыккан дарылоо протоколдору, алгоритмдер жана башка расмий документтер туура кабыл алынып, туура ишке ашырылып жатканын орусиялык кесиптештер тастыкташты. Бир айга жакын убакыттын ичинде Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарындагы медициналык мекемелерде иштеп, илдетти дарылоого активдүү катышты. Орусиялык дарыгерлердин Кыргыз мамлекетинде алып барган иш жыйынтыгында эки тараптуу, жигердүү тажрыйба алмашуу жүрдү десем жаңылышпайм", - деди Сабиржан Адикаримов.

"Кыргыз мамлекетинде колу жеңил, адискөй, кесибин сүйгөн дарыгерлер көп экен. Алар COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө мол тажрыйба топтошконуна жогорку баа бердик. Бийик тоолору жана таза суусу менен кооз Кыргыз өлкөсүн сагынабыз. Бизге жүктөлгөн милдеттерди толугу менен аткарганга жетиштик. Илдеттин очогунда коронавирус инфекциясына каршы кыргызстандык кесиптештерибиз менен бирге иштегенибизге сыймыктанабыз", - деди Башкортостан Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: