Бишкекке Екатеринбургдан Кыргыз жарандары кайтып келди
"Манас" эл аралык аэропортунда 17-августта "Авиа Траффик" авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алышты. Мындай маалыматты республикалык штабдан билдиришти.
Бул каттам менен мекенине Орусиядан 153 Кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар. Бул каттам менен Бишкекке Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Салехард, Жаңы Уренгой, Надым, Курган, Магнитогорск, Пермь жана башка шаарлардан мекенине чукул түрдө кайтууга муктаж болгон жарандар (ар кандай оорусу барлар, улгайган курактагылар, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле оор турмуш кырдаалына кептелген жарандар) учуп келди.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардын жана кыргыз диаспора уюмдарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жарандарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам аба каттамдар токтоп калгандыктан "Авиа Траффик" компаниясынын каттамдарына буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар же жогу эске алынган.
