ӨКМ: "Акыркы 8 айда 65 адам сууга чөгүп кетти"









Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салат.
Ата-энелер жаш балдарга өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылат.
-Сууга уруксат берилген жайда, ал эми жаш балдар, бөбөктөр чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;
-Тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
-Сууга мас абалында түшпөңүз;
-Суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаңыздар;
-Кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
-Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
-Үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам өмүрүнө коркунуч алып келет. Бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да кооптуу;
-Көпүрө, тосмо, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.
2020-жылдын 19-августуна карата, сууда ар кандай себептер менен 65 адам өлүмү катталган (46 киши – жай мезгилинде) анын ичинен 33 эркек, 6 аял, 15 жаш бала жана 11 өспүрүм.
Ал эми былтыр ушул аралыкта 129 адам сууга чөгүп кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.