super.kg logo

Ат-Башы районунда жыл бою иштей турган чоң сүт-товар комплекси курулууда

 

Нарын облусунун Ат-Башы районунда сүттү кайра иштетүүчү ишкана жыл бою иштей турган чоң сүт-товар комплексин курууда. Бүгүн, 20-августта өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Нарынга болгон иш сапарында анын ишмердүүлүгү менен таанышканын президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган ишкананын уюштуруучусу Самар Өмүракунов өндүрүлгөн продукциялар ички рынокто сатылаарын жана Казакстанга экспорттолорун маалымдады. Ишканада 50дөн ашуун адам иштейт. Өндүрүш кубаттуулугу сезонунда 55-60 тонна даяр продукцияны түзөт. Заводдун сырлары ар кандай эл аралык көргөзмөлөрдө "жогорку сапат" наамына татыктуу болуп келет.

"Ишкананын продукциялары Ат-Башы сүт товарлары бренди менен барган сайын таанымал болууда жана Казакстан рыногунда чоң суроо-талап менен пайдаланылат. Ошондой эле продукциялардын көлөмүн көбөйтүү зарылдыгынан улам Орусия рыногуна да ташып баштоо пландаштырылып жатат. Белгилүү болгондой, Ат-Башы районунун климаттык шартында завод жыл бою иштей албайт. Күз-кыш мезгилинде чийки сүттүн өндүрүшү кескин азаят. Буга байланыштуу сүт заводунун коопсуз жана экологиялык жактан таза сүт продукцияларын чыгарып, алардын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө боло турган сүт-товар комплексин куруу боюнча долбоор ишке ашырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө сүт-товар комплексинин курулушуна Калинин айылынын жанынан 5 гектар жер бөлүнгөн. Учурда курулуш иштери башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: