Мамлекеттик органдардын жетекчилерине калкка маалымат жеткирүүнү жигердүү жүргүзүү тапшырмасы берилди
Өкмөттүн жетекчиси министр Таалайбек Темиралиев видеоконференц-байланыш режиминде Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик мекемелердин статс-катчылары менен аткаруучу тартипти сактоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешмеде тапшырмаларды аткаруунун жана ченемдик-укуктук актыларды даярдоонун сапаты боюнча маселер айтылды. Айрым министрликтерде жана мекемелерде аткаруучу тартиптин деңгээлинин терс көрсөткүчтөрү белгиленди, буга байланыштуу чечимдерди мүмкүн болушунча тез арада аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.
Таалайбек Темиралиевдин айтымында, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуу ишке ашырылышы, биринчи кезекте, аткаруу бийлигинде тартипти сактоого байланыштуу.
"Мамлекеттик органдар өз учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан жарандардын сын-пикирлерине өз убагында ыкчам түрдө жооп берүүгө тийиш. Ошол эле учурда министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери массалык маалымат каражаттары аркылуу калкка өз ишиннин натыйжалары жана милдеттер тууралуу маалыматтарды берүүнүн активдүүлүгүн жогорулатуу керек. Мамлекеттик органдардын расмий веб-сайттарынын абалын, мазмунду жаңыртуунун үзгүлтүксүздүгүн талдоо жана пресс-катчылардын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарга тез жооп алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарга түздөн-түз жетүүнү камсыз кылуу зарыл", - деди Таалайбек Темиралиев.
Талкуунун соңунда аткаруу тартибин жогорулатуу жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышын системдүү түрдө көзөмөлдөөнү уюштуруу үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.
