"Кызыл зонада" иштеген медицина кызматкерлеринин тамактануусу жана эмгек акы маселелери талкууланды








Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Чүй облусунун Кант шаарында жайгашкан Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оорукананын абалы жана медициналык кызматкерлердин иштөө шарты менен таанышуу учурунда кеңешме өтүп, анда Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Альсира Момуналиева, Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун Чүй аймактык башкармалыгынын директору Мирлан Атакулов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ички аудит бөлүмүнүн начальниги Бек Ногойбаев катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө тийиштүү компенсациялардын төлөп берилиши, обсервациялык орундардын жетиштүүлүгү, "кызыл зонада" иштеген медицина кызматкерлеринин тамактануусу, ошондой эле акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө жөнөтүлгөн кызматкерлер боюнча маселелер талкууланды.
Ошондой эле вице-премьер-министр обсервациядагы медицина кызматкерлери менен жолугушуп, алардын шарты менен таанышып чыкты. Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасынын жетекчилигине медкызматкерлер менен жолугушууда аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу тапшырмасы берилди.


1 |