"Ачыш үчүн канча төлөш керек?". Марат Жуманазаров жума күнү мечиттердин ачылбаганына нааразычылыгын билдирди
Маратик аты менен таанылган "Азия Микс" КВН командасынын оюнчусу Марат Жуманазаров бүгүн, 21-август жума күнү шаардагы мечиттердин ачылбай жаткандыгына нааразычылыгын билдирди. Бул тууралдуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Бардык жерлер ачылып, мечиттер ачылбай жатат. Ушундай жуманын ыйык күнүндө бул жабык турган дарбазалар адамдын көңүлүн түшүрөт. Ушундай сонун жерлер жабык бойдон турат", - деп жазган ал.
Мындан тышкары Марат Жуманазаров "Мечиттердин ачылышы үчүн канча төлөш керек", - деген жазуусу бар плакатты кармап алган.
"Мечиттер качан ачылат" деген суроо менен Муфтиятка байланышканыбызда бул маселе учурда каралып жатканын билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Shaa-82

21.08.2020. 14:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эххх мен да ушуну ар кимге айта берип чарчадым. Неге машина базарды жаппайт, неге чон базарларды жаппайт барсан маска таккан эч ким жок, жык жыйма журот. Мечитте болгону 5 10 минута элего жума куну гана кобуроок анда да бир саатка жетпесе, анан да бири биринен узак олтурулат. Эми туура чонтокко акча тушкон жерлер гана ачуу пайдалууда. Мечиттен эч кандай акча тушпойтда ээ, бирок мусулмансынарго. Кафелер, магазиндер, базарлардан тушкон акча тушпойт да ээ? Макул ачпасанар анда жапкыла баарын.(((
kechirmeni

21.08.2020. 18:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ачкыла туугандар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.