super.kg logo

Айыл чарба министрлигине дыйкан-фермерлер менен тыгыз иш алып баруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди

 

"Айыл чарба продукциясын экспортко чыгарууга шарт түзүү - өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири", - деп премьер-министр Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна жасаган сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы күзгү оруп-жыюунун жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.

"Чет өлкөлүктөр республикабызда өндүрүлүп жаткан экологиялык жактан таза айыл чарба азык-түлүктөрүн сатып алууга кызыкдар. Экспортко чыгарууга шарт түзүү үчүн заманбап лабораториялар ачылууда, атайы техниканы лизингге алуу, жеңилдетилген насыя берүү боюнча программалар ишке ашырылууда. Мындай кадамдар мындан ары карай да улантылат. Биз өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүү жана экспорттук потенциалын арттыруу үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүүбүз зарыл", - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кыргыз өлкөсү Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө экендигин, мындан тышкары ВСП+ макамын алганын эске салып, аталган механизмдерди натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын кошумчалады.

Муну менен катар премьер-министр Жети-Өгүз районундагы фермерлер багып жаткан асыл тукум мал чарбачылыгын көрдү.

Өкмөт башчы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине дыйкан-фермерлер менен тыгыз иш алып баруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.08.2020. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темаңар кантет...?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: