"Италияда коронавирус кайрадан күч ала баштады" дейт ал жакта жашаган мекендешибиз




Италияда кайрадан коронавирус күч ала баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ал жакта жашап, иштеп жаткан мекендешибиз Канат Кубанычбек уулу кабарлады.
"Мен үй-бүлөм менен турган Фабриано шаарчасы кичинекей болгону менен Италиянын борбор жагында жайгашкан. Андыктан оору күч алган убакта, бизде абдан кооптуу болду. Бул жакта күнүнө 1-2ден адам оору жугузуп алганын угуп жатабыз.
Ал эми жалпы Италия тууралуу айтсам, жергиликтүү басылмалардын статистикасына көз чаптырсак, коронавируска чалдыккан адамдардын саны акырындап кайрадан өсүп жатат. Буга карата өлкө жетекчилиги өтө деле катуу чараларды көрө элек. Бирок акыркы жумаларда алар тараптан эскертүүлөр көбөйдү. Жашоочулар арасында анча-мынча кооптонуу бар. Бирок баягы биринчи толкунда болуп өткөндөй ажиотаж жок", - дейт Кубанычбек уулу.
Маалым болгондой, Италияда 20-августта бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын саны 845 адамды түзсө, 24-августка карата 1 миң 210 жаңы учур катталган.



1 |